Announcement

ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА МЫКТЫ ЭМГЕКТЕР БОЮНЧА КОНКУРСТАР ӨТКӨРҮЛӨТ!

Урматтуу кесиптештер!

Илим күнүнө карата “Мыкты монография”, “Мыкты окуу куралы”, “Мыкты окуу-усулдук колдонмо” конкурстары өткөрүлөт. Каалоочулар эмгекти жана эмгекти конкурска сунуштагандыгы жөнүндө кафедранын кеңешмесинин, факультеттин Окумуштуулар кеңешинин (методикалык кеңештин) чечимдерин 2020-жылдын 24-октябрына чейин факультеттердин декандарынын илимий иштер боюнча орун басарларына же ОшМУнун башкы имаратындагы 131-каанага тапшыруусу зарыл.

«Scopus», «Web of Science» системаларынан жарыкка чыккан илимий эмгектердин көчүрмөсү (журналдын сайтындагы шилтеме көрсөтүлөт) тапшырылат.

1559 17:00 02-10-2020

                 

Announcement

|< 1 2 3 >|