News

1-КУРСТУН АСПИРАНТТАРЫ ЖАНА ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

2020-жылдын 18-январында Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан “Илимий-изилдөө иштерине киришүү” деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарда Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева баяндама жасап, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн негизги иш-милдеттери жана алардын уюштурулушуна кеңири токтолду. Баяндамада илимий-изилдөө иштерине коюлган талаптар, жаңы критерийлер, аткаруунун методологиясы, ж.б. маселелер айтылды. Андан кийин семинар суроо-жооп иретинде уланып, катышуучулар бардык суроолоруна жоопторду алышты. Илим жана аспирантура бөлүмүнүн иш-пландарына ылайык окуу жылы ичинде семинар-тренингдердин циклин өткөрүү системалуу улантылат.
1094 10:17 22-01-2020

                 

News

|< 1 2 3 >|