News

ОшМнун Илим жана Аспирантура бөлүмү уюштурган конференция 2019-жылдын 30-ноябрында болуп өттү.

2019- жылдын 30-ноябрь күнү ОшМнун Илим жана Аспирантура бөлүмү уюштурган “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VI аймактык студенттик илимий конференция болуп өттү. Бул конференцияга Медициналык колледждин Фармацевтикалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Эдилбекова Алмагул Бакиевна жетектеген төмөндогу аты аталган студенттер менен катышты. А.О Газиева “Фарм компании мира в Кыргызстане”, Калдарали кызы Гулназ, Акматова Мунара “Можжевельник как народное лекарственное средство и современные методы применения” деген темаларын алып чыгышты. Аты аталган студенттер темаларын жакшы баяндап бергендиги менен байгелүү орундарга жетишишти. Калдарали кызы Гулназ ОшМУ боюнча II орунга жетишип диплом менен сыйланды. А.О Газиева Колледждик грамотага ээ болду.
673 14:32 12-12-2019

                 

News

|< 1 2 3 >|