News

Ачык эшиктер күнү.

03.06.2020-жыл ОшМУда Zoom, Facebook, YouTube платформалары аркылуу онлайн режиминде ачык эшиктер күнү болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун ректору, ф-м.и.к., доцент Кожобеков К.Г. жана кабыл алуу комиссиясынын төрагасы б.и.к., доцент Аттокуров К.Ш. сөз сүйлөшүп, ар бир факультет алдын ала даярдалган видеороликтерин онлайн трансляция кылышты. Ачык эшиктер күнүндө, Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнөн 1000ге чукул абитуриенттер катышып, өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты. Ошону менен катарда ЭМФнин видеожыйынында Индия, Пакистан өлкөлөрүнөн 100го чукул абитуриенттер жана студенттерибиздин ата-энелери катышып, факультет жана балдарынын окуусу жөнүндө суроо-жооп иретинде талкуу жасашты. https://www.youtube.com/watch?v=NxhT0yBAsA0&feature=youtu.be
954 20:23 06-06-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|