News

Жалпы жана клиникалык биохимия предмети боюнча КВН

2019- жылдын 25-апрель күнү Эл аралык медицина факультетинин "Табигый илимдер жана математика" кафедрасында жалпы жана клиникалык биохимия предмети боюнча КВН болуп өттү. КВНди кафедра башчысы проф. Курбаналиев А.Ы. ачып берди. КВНге жалпысынан 7 команда катышты. Жюрилердин мүчөлөрү Эшиева Асель, Салиева Динара, Алиева Чынара, Жумаева Айчүрөк болушту. Алып баруучу жана ующтуруучу кафедранын окутуучусу Айтиева Ф.Б. КВНдин жүрүшүндө 4 этап боюнча командалар өздөрүнүн билимдерин, чеберчиликтерин көргөзүштү. Kahoot программасы менен Айтиева Ф.Б. тарабынан биохимия предмети боюнча түзүлгөн тест- суроолорго электрондук добуш берүү менен командалар катышты. Жыйынтыгында The Back Benchers- 7255 балл менен 1-орунду алышты. Оюн зооктор, драмалардын, клиникалык- ситуациялык маселелердин жыйынтыгы боюнча 1-орунду "Silibinin Spartans" командасы жеңип чыкты.
1206 15:48 26-04-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|