News

“ANATOMICUM”, 2019, декабрь: АЧЫК САБАКТАРДЫН ДЕКАДАСЫ СТАРТ АЛДЫ

2019-жылдын 03-декабрында атайын бекитилген декада графиги боюнча алгачкылардан болуп кафедранын доценти, б.и.к. Н.М. Ташматова жана окутуучу Асанбек кызы Канымгулдөр ачык сабактарын өткөрүштү. “Human Histology 2” предмети боюнча 2-курстун eng-8A-18 тайпасына “Female reproductive system” деген темада III-парада ачык сабак уюштурулду. Сабак учурунда интерактивдүү: “жуптар менен иштөө”, “кичине тайпаларда иштөө”, “чоң тайпадагы дискуссия”, “гистологиялык түзүлүштөрдүн схематикалык сүрөттөрүн тартуу”, темага байланыштуу органдарды “микроскоп менен сүрөттөп табуу” методдорун колдонду. Ал эми “Clinical anatomy” предмети боюнча 2-курстун eng-7A-18 тайпасына “Clinical anatomy of vein of the abdomen.Venouse anastomoses. Clinical anatomy of lymph vessels of the abdomen” деген темада IV-парада ачык сабак өткөрүлдү. Аталган сабактарга кафедра мүчөлөрүнөн улук окутуучу М.Нуруев, окутуучулар Д.Тороев, А.Эргешова, Э.Байгашкаев, Н.Хайдарова, М.Абдыраимова, А.Пирматова, А.Алимбековалар киришип, сабактар тууралуу атайын бекитилген формадагы БААЛОО БЛАНКАСЫН толтурушуп, сунуш-пикирлерин беришти.
1643 16:47 09-12-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|