News

Энергетика кафедрасында экскурсия

Ош мамлекеттик университетинин Энергетика кафедрасы тарабынан ЭСб-1-19 жана ЭСб-1-17 тайпаларынын студенттерин 2021-жылдын 30- мартындагы № 1054-ФХД/21 буйругуна ылайык 2021-жылдын 14-17-апрель күндөрү ГЭСтердин түзүлүшү жана иштөө принцибин практика жүзүндө үйрөтүү максатында Кыргызстандын ири ГЭСтери Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Камбар-Ата-2 ГЭС, Үч-Коргон ГЭСтерине окуу танышуу жана диплом алдындагы практикалардын 1-этабы боюнча экскурсия уюштурулду. Экскурсия учурунда студенттер ири ГЭСтердин тарыхы, түзүлүшү, иштөө принциптери, иштетүү шарттары жана ал жерде иш алып барып жаткан алдынкы адистер менен жолугушуп айрым суроолорго жооп алышты.

164 16:10 30-04-2021

                 

News

|< 1 2 3 >|