News

Физика-техника факультетинин Энрегетика кафедрасы тарабынан “Энергетиктер күнүнө - 100 жыл” аталышындагы энергетиктердин кесиптик майрамын белгилөөгө арналган онлайн-иш чара уюштурулду

22-декабрь күнү Физика-техника факультетинин Энрегетика кафедрасы тарабынан “Энергетиктер күнүнө - 100 жыл” аталышындагы энергетиктердин кесиптик майрамын белгилөөгө арналган онлайн-иш чара уюштурулду. Иш чарага И. Разаков атындагы КМТУнун профессору, техника илимдеринин доктору Обозов Алайбек Джумабекович, ОшМУнун PhD докторантура жана магистратура бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор Кенжаев Идирис Гуламович, ФТФнын деканы, т.и.к., доцент Айдарбеков Зарипбек Шарипович, И.Раззаков атындагы КМТУнун Энергетика факультетинин деканы, т.и.д., профессор Галбаев Жалалидин Токтобаевич, ОшТУнун Энергетика факультетинин деканы, т.и.к., профессор, Токоев Маматөмүр Пирматович, “Алтынбаш” ЖЧКнын директору Өжөрбаев Жамшит Айылчиевич, “ОшПВЭС” ишканасынын башчысынын орун басары Топчубаев Арип Аманович, ОшТУнун Электр менен камсыздоо кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Ташиев Нургазы Мамазакирович, ОшМУнун Энергетика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Матисаков Түгөлбай Кубатбаевич, Физика-техника факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, Энергетика кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук курамы, магистранттары жана студенттери катышышты.

Иш чарада “Кыргызстандын энергетика тармагынын тарыхы, бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги” аталышындагы илимий доклад физика-техника факультетинин деканы, т.и.к., доцент Айдарбеков Зарипбек Шарипович тарабынан жасалды. Катышкан коноктор тарабынан сунуштар пикирлер талкууланды жана студенттер тарабынан даярдалган коцерттик программа менен жыйынтыкталды.

402 13:11 31-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 >|