News

чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен студенттердин жолугушуусу

2016-жылдын 29-апрелинде чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу кечесине биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдөн: Ош мамалекеттик социалдык университетинин окуу иштери боюнча ректордун орун басары философия илимдеринин доктору профессор Кулназаров А.К., Эл аралык Республикалык институттун прогаммалык ассистенти Мусаева Т.Т., “My safe and peaceful school” UN Women проектинин улуттук консультанты Хамидова Д., KICB нин башкаруучусунун орун басары Абдраимов Р катышышты. Кечени Сапат департаментинин директору проф. М. Алтыбаева өзүнүн куттуктоо сөзү менен баштап берди. Факультеттин атынан чет тилдер факультетинин деканы доц. Калыгулова С.Ш. сөз сүйлөп бүтүрүүчүлөргө факультеттин жетишкендиктери жөнүндө маалымат берип кетти.
4394 19:24 10-05-2016

                 

News

|< 1 >|