News

Карьера борбору бүтүрүүчүлөргө зарыл семинар-тренингдерди өткөрүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде 2019-2020-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Карьера борбору тарабынан “Резюмени туура жазуу”, “Карьералык өсүү, ийгиликтин сырлары” жана «Жумушту туура издөө” боюнча семинар-тренингдер уюштурулуп жатат.

“Аталган семинар 5-февралдан 16-мартка чейин улантылып, учурда бардык факультеттерде, колледждерде графикке ылайык уюштурулуп жатат. Бул иш чараларды уюштуруунун негизги максаты бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумушка жайгашуусуна, карьералык өсүүсүнө, жумуш берүүчүлөргө туура кайрылып, жакшы пикир калтырып, кесипкөй болуусуна аз да болсо салымыбызды кошуу болуп саналат. Учурда бүтүрүүчүлөрүбүз түрдүү суроолоруна жооп алып жатышат. Өзгөчө ар бир жолугушууда бүтүрүүчүлөргө университеттин сайтындагы Карьера борборунда жайгашкан тиешелүү маалыматтардан так, туура жооп алууга көрсөтмөлөр берилүүдө”, - деди университеттин Карьера борборунун башчысы А.Маткалыков.

870 16:53 27-02-2020

                 

News

|< 1 >|