News

ОшМУда “Бош орундар жарманкеси - 2019”

иш-чарасы өттү

Бүгүн, 23-майда Ош мамлекеттик университетинин базасында Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана ОшМУнун “Карьера борбору” биргеликте уюштурган “Бош орундар жарманкеси - 2019” иш-чарасы уюштурулду. Жарманкеге ЖОЖдордун бүтүрүүчү студенттери жана Ош шаарынын тургундары катышышты. Бул иш чарага Ош шаарынын алдыңкы мекеме ишканалары, бизнес түзүмдөрү жана эл аралык уюмдар да катышышты.

“Бош орундар” жарманкесине Ош шаарынын, Ош облусунун район, шаарларынан жана Бишкек шаарынан алынган бош жумуш орундары жумуш издөөчүлөргө, Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө сунушталды.

Университеттин алдында өткөн иш чара ОшМУнун “Таланттар академиясынын” концерттик программалары менен коштолду.

Бош орундар жарманкесинин экинчи бөлүгүндө

Чоң актылык залдын ичинде бүтүрүүчүлөр үчүн презинтация жасоочулар

Убактысы

Презентациянын темасы

Спикерлер

10.30 – 10.40

10 мүнөт

ОшМУнун Карьера борбору жана сайтка кирип жумуш издөөнүн жол жобосу

ОшМУнун Карьера борборунун башчысы – Маткалыков Азирет Али

10.40 – 11.00

20 мүнөт

Кыялдагы жумушка орношуу үчүн кандай билимдерге ээ болуу керек.

Ош-ЖИАнын аткаруучу директору - Бектурсун Такелеев жана (ЦПП) Колдоо борбору

11.00 – 11.30

30 мүнөт

Job.kg сайты аркылуу тез жумуш издөө жана резюме түзүү.

Job.kg сайтынын директору - Махабат Иманкулова

11.30 – 11.50

20 мүнөт

Роль стажировок в карьерном становлении и развитии молодежи

Стажировканын ролу жана жаштардын Карьера түзүүдө өзүн-өзү өнүктүрүү

“Инстрим” фондунун программалар боюнча координатору – Бегимай Мурзахматова

11.50 – 12.00

10 мүнөт

Адам укуктары боюнча БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсесин өкүлдөрү

Захид Мадрахимов

Бекмурзин Александр

12.00 – 12.15

15 мүнөт

“Түштүк-Кыргыз цемент” заводу жана жумушка кирүүнүн жолдору

“Түштүк-Кыргыз цемент” заводунун менеджер-персоналы - Роза Исаева

12.15 – 12.30

15 мүнөт

Жалпы темалар боюнча суроо-жооп жана талкуу

ОшМУнун Карьера борборунун башчысы – Маткалыков Азирет Али

деген темаларда баяндама жасашып, жумуш издөөчүлөрдүн жана бүтүрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.

Бош орундар жарманкесин өткөрүүнүн негизги максаты - жумуш берүүчүлөрдү адис менен камсыз кылуу маселесине көмөктөшүү, жумуш издөөчүлөргө ылайыктуу иш орундарын сунуштоо, бүтүрүүчүлөрдүн жумуш издөө убактысын кыскартуу жана жумуш берүүчүлөр менен байланышты күчөтүү. Окууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

1225 10:34 24-05-2019

                 

News

|< 1 >|