News

Түрк дүйнөсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I эл аралык конгресси, Кыргызстан-Түркия мамлекеттеринин ортосунда уюштурулуп, 2019- жылдын 21-23- апрель күндөрү Ош мамлекеттик университети

Түрк дүйнөсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I эл аралык конгресси, Кыргызстан-Түркия мамлекеттеринин ортосунда уюштурулуп, 2019- жылдын 21-23- апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинин алдында өткөрүлдү Борбордук Азиядагы тарыхы жагынан эң эски шаарлардын бири болгон Ош шаары, 2019 – жылы ТҮРКСОЙ уюму тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп расмий түрдө белгиленгендигине байланыштуу, ушул күндөрү шаарыбызда – маданий борборубузда өтүп жаткан көптөгөн маданий иш-чараларга күбө болуудабыз. ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Түрк дүйнөсүнүн шаарларында түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келе жатат. 2018-жылы Азербайжандын Шеки шаарында өткөрүлгөн иш-аракеттер жыйынтыкталып, 18.12 2018- жылдагы ТҮРКСОЙдун №36 кеңешмесинде 2019-жылга карата Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп аталгандыгы 2019-жылдын 21-23-апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинде (Ош ш.) “Кыргыз-түрк жана түрк тилдүү элдердин табыгий жана медициналык илимдер боюнча I эл аралык конгрессин” өткөрүү тууралуу кабыл алынган чечимге дал келип калышы кокусунан болбосо керек деп ойлойм. ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин бири катары Кыргызстан уюмдун негизги максаттарынын бири болгон төмөнкү багыттарда кызматташтык жүргүзөт: - Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда маданий, илимий байланыштарды күчөтүү, түрк элдеринин маданиятын, адабиятын, тарыхын изилдөө, түрк тилдүү элдердин жалпылыгын көрсөтүү, түрк дүйнөсүндөгү белгилүү тарыхий инсандарды, мамлекеттик ишмерлерди изилдөө, жайылтуу ж.б. Жогоруда аталган максаттарга жетишүү максатында төмөндөгүдөй иш-аркеттер аткарылышы абзел: - Түрк тилдүү элдердин ортосунда маданий, илимий карым-катнашты күчөтүү, бекемдөө жана түрдүү багыттардагы биргелешкен долбоорлорлорду ишке ашыруу; - ТҮРКСОЙ өзүнүн максат, милдеттеринин алкагында биргелешкен фестиваль, эл аралык илимий конгресс, конференцияларды уюштуруу, биргелешкен басылмаларды даярдоо, чыгаруу. Жогоруда аталган максаттарды жана пландалган илимий иш – чараны ишке ашырууда Кыргызстандан ыйык Сулайман Тоонун этегинен орун алган Ош мамлекеттик университети, Түркиянын Карс шаарындагы Кавказ тоолорунун койнунда жайгашкан Кавказ университети жана Арарат тоосунун боорундагы Ыгдыр шаарынын атын алып жүргөн Ыгдыр университеттери биргелешип Конгрессти түптөп, жол жобосун белгилөө менен түзүлгөн Уюштуруу комитети (www:firstcongress.oshsu.kg) кызуу жумуш алып барды. http://www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20190502172349-zasanova.jpg А. http://www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20190502172610-zasanova.jpg Б 21.04. 19-жыл. Ош эл аралык аэропортунда конгресстин конокт орун тосуп алуу учуру. А. Бишкектен келген коноктордун бир тобу, Б. Турциядан келген коноктор Ал эми “Түрк дүйнөсүнүн табыгий илимдер жана медицина боюнча I Эл аралык Конгресси” бул Түрк дүйнөсүндөгү үлкөн аалымдарды расмий бириктирген алгачкы чоң илимий иш чара болуп эсептелет. Мындай кеңири масштабдагы илимий иш чаранын ОшМУда, Ош шаарында өткөрүү пландаштырылып, ишке ашырылып жаткандыгы жана Ош шаарынын - маданий борбор катары табылышына туура келип калышы биз үчүн жана бүгүнкү конгресске катышып отурган окумуштуулар үчүн да өзүнчө чоң сыймык деп сезем. Түрк элдери, түрк тилдүү элдер же өлкөлөр, ТУРАН же Түрк дүйнөсү терминдеринин маани маңызы бирдей экендиги илимий, маданий чөйрөгө жана калктын калың катмарына маалым. Борбордук Азиядагы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Туркменистан, Азербайжан сыяктуу мамлекеттер эгемендүүлүк статусуна ээ болгон күндөн тарта, аталган өлкөлөр ортосунда коомдун бардык тармактарында кызматташтык өз алдынча жүргүзүлө баштаган. Кызматташтыктын эң жогорку көрсөткүчтөрүн маданият тармагында жетише алдык десем жаңылышпайм. Илимий жааттагы алмашуулар да көбүнесе гуманитардык багыттарда: Түркология, түрк элдеринин тили, адабияты, тарыхы, дини, маданияты, саясаты жана билим берүү сыяктуу багыттарда кеңири жайылып, түрдүү орток иш-чараларды өткөрүп келе жатабыз. Бул жагдай ТҮРКСОЙ сыяктуу мамлекеттик уюмдун түзүлүшүнө негиз болгон. Табыгый илимдер жана медицина жаатындагы эл аралык биринчи илимий конгресс өтүп жаткан 2019-жыл, 22-апрель өзгөчө дата болуп калаарын айтууга болот. Анткени, Кыргызстанда мындай кеңири масштабда табыгый илимдер жана медицина боюнча түрк тилдүү элдердин окумуштуулары биринчи жолу биргелешкен эл аралык конгресс уюштуруп жаткандыгын баса белгилегим келет. http://www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20190502172816-zasanova.jpg Турциядан, Өзбекстандан келген конгресстин катышуучуларынын тобу, 21.04. 2019-жыл. ОшМУнун башкы корпусунун алдында Өтүп жаткан конгресстин негизги максаттарынын бири катары Түрк тилдүү мамлекеттерден келген илимпоз окумуштуулар табыгый илимдер, медицинанын бардык тармактары жана педагогика боюнча түрдүү темаларда талкууларды жүргүзүшүп, аталган тармактарда бир катар жетишкендиктер менен бөлүшүү аркылуу ийгиликтер белгиленип, өзгөчө жана актуалдуу жаңы биргелешкен изилдөөлөрдүн багыттарын тактап, белгилемекчибиз. Андан кем калышпаган дагы бир максатыбыз билим берүүдө жана илимий-изилөөлөрдө академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, академиялык алмашууларды өркүндөтүү экендигин өзгөчө белгилеп өткүм келет. Баарыңыздарга маалым болгондой, саясаттан айырмаланып билим берүү жана илим жаатында эч кандай чек ара жок. Катышуучу өлкөлөрдүн сапбашында Түркия турган болсо, бул катарды Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Грузия, Тажикстан, Россия ж.б. мамлекеттер толуктагандыгын баса айткым келет. Жалпыга маалым болгондой бул иш чара максаты, масшстабы, катышуучулардын сапаттык курамы, талкууга коюлган темалар жана уюштуруучу университеттердин миссиялары, кызматташтык келишимдери боюнча Кыргызстандын эле эмес бүткүл Түрк дүйнөсүнүн билим берүү, илим тармактарында чоң жаңылык. http://www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20190502173010-zasanova.jpg Ташкент техникалык университетинен келген окумуштуулар, Өзбекстандын Илимдер Академиясынын академиги Бахадырханов М.К. жетектеген топ Эл аралык I Конгрессибиздин программасы өтө кеңири. Бүгүн биология, физика, химия, математика, медицина жана педагогиканын бардык тармактары боюнча Түрк Дүйнөсүнүн тажрыйбалуу жана жаш илим изилдөөчүлөрү Ош мамлекеттик университетинде өтүп жаткан I Эл аралык конгрессте өз жетишкендиктери менен бөлүшүү, талкулоо максатында чогулуп олтурушат. http://www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20190502173453-zasanova.jpg Конокторду тосуп алуу, Азербайджандан келген окумуштуу, профессор Имамеддин Амирасланов Конгресске илимий жактан колдоо көрсөткөн өлкөлөр жана университет, илимий мекемелерди атап өтүү менен, Конгресстин ардактуу катышуучуларына, уюштуруу тобунун атынан ыраазычык билдиребиз. Англиядан Кардифф университетинен Leslie W. J. Baillie, Польшадан Люблин табыгый илимдер университетинен Kapica Małgorzata, Грузия Телави Мамлекеттик Университетинен Магда Давиташвили, Пакистандан Саргодха университетинен Мухаммед Наваз Тахир, Россиядан Казань Федералдык университетинен А. Киясов, Азербайжандан Имамеддин Амирасланов, Өзбекстандан Кыргызстандан м.и.д., профессор Б.К. Тыналинова сыяктуу окумуштуулар менен тыгыз иш жүргүзүлдү. Конгрессти түптөө, уюштуруу жана ишке ашыруу демилгесинин тарыхы да өтө кызыктуу. Жеке өзүмдүн практикамдан алып караганда Түркиялык окумуштуулар жамааты менен биргеликте 2018-жылы 11-15 апрель күндөрү, Хатайда Антакья шаарында Мустафа Кемал университетинде өткөрүлгөн “I Эл аралык Ветеринардык жана клиникалык биохимия” боюнча конгресстен башталган, ошондуктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып профессор, доктор Пенбе Сема Темизер Озан (Prof. Dr. Penbe Sema Temizer Ozan) хожама жана Конгресстин Президенти профессор, доктор Онур Атакиши (Prof. Dr. Onur Atakişi) иниме чакыруу берип жана уюштуруу комитетине кошкондугу үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. http://www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20190502173633-zasanova.jpg Конгресстин ишинин жүрүшүнөн. 22.04.2019-жыл Мына ошол конгрессте “Түрк дүйнөсүнүн табыгий илимдер жана медицина боюнча I Эл аралык Конгрессин” Ош шаарында, ОшМУда өткөрүү идеясы жаралып, аны колдогон ректорубуз, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Абдуваситович Исаковга терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле конгресстин бардык катышуучуларына, катталып бирок кандайдыр бир себептер менен келбей калган катышуучуларга да, биздин сунушту кызуу колдоп атайын баяндамаларын, баяндамаларынын тезистерин жөнөтүп, катталуу жана тезистерди жүктөө мезгилинде тынымсыз каттарга жооп берип тургандыктары үчүн жана колдоп, келип катышып жаткандыктары үчүн да ыраазычылык билдирем. Конгрессти уюштуруу демилгебизди колдоп берген кесиптештеримди атап өткүм келет. Тең төрагалыкты аткарып уюштурууну эң жогорку денгээлде өтүүсүнө бардык моралдык-материалдык колдоо көрсөткөн инсан, биохимия тармагы боюнча доктор, профессор Онур Атакиши жана анын жумушчу тобу, Ыгдыр университетинин ректору, проф., доктор Мехмет Хаккы Алмага терең ыраазычылыгымды билдирип, колдоп, жеке катышкандыгы үчүн чоң рахмат айтам. 2015-жылдан Карс Кавказ университети менен эки тараптуу келишим түзүү демилгесин көтөрүп, келишимдердин негизинде тажрыйба алмашуу иштерин уюштуруп жана бүгүнкү конгресстин бардык уюштуруу иштеринде, сайттагы материалдарды түрк, орус жана да кыргыз тилдерине которууда эбегейсиз чоң көмөк көрсөткөн, Кавказ Университетин адабият факультетинде Азыркы Түрк тилдери жана адабияты бөлүмүндө эмгектенген кызыбыз Курамаева Фаризат Нуржигитовнаны өзгөчө бөлүп, чоң рахмат айтып койгум келет. http://www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20190502173919-zasanova.jpg Өзбекстандан: Ташкент, Фергана, Андижан келген конгресстин катышуучуларынын – окумуштуулардын тобу Профессорубуз, медицина илимдеринин доктору Ырысбай Жолдубаевичке жана анын клиникасына, “Элим” стоматологиялык клиникасына жана жетекчиси врач-стоматолог, Караева Назира Бердигуловнага да конгресске колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Жаңы гана ачылгандыгына карабастан (официалдуу ачылышы 20.04.2019-ж) ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирип, элдин саламаттыгын сактоо, профилактика жаатында көптөн үмүттөндүргөн жана башкаларга үлгү боло тургандай, бүгүнкү конгрессте катышып олтурган Кыргыз-Түрк эл аралык клиникасына, директору доктор, профессор Угурхан Сезерге рахмат айтам. Конгресстин максатына ылайык төрагалык жыл сайын Түрк дүйнөсүнүн курамына кирген өлкөлөрдүн бирине өткөрүлүп турмакчы. Резолюцияга жараша II конгрессти уюштуруучу кийинки өлкө белгиленип, жоопту университет аныкталмакчы. http://www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20190502174202-zasanova.jpg Конгресстин жүрүшүнөн бир көрүнүш Түбүбүз бир, тилибиз, дилибиз бир болгондуктан келгиле урматтуу конгресстин катышуучулары, баарыбыз бир ачык асман алдында биригип, биргелешип агартуу тармагында: билим берүү, илимий изилдөөлөр жана маданият жатында чоң биргелешкен долбоорлорлорду баштайлы. Элибиздеги накыл кептерди эстен чыгарбайлы. Жартыны бүтөп, бүтүндү көбөйтөлү! “Күч бирдикте!” демекчи кагаз форматынан чыгып иш жүзүндө биригели. Бул конгресс ынтымактан жаралган үлкөн иштердин башаты, үлгүсү болсун. Ачык асман алдында биригели! Ынтымак бар жерге ырыскы өзү келерин унутпайлы. Конгресстин эртеңине ишенүү менен бүгүнкү иштерине ийгиликтерди каалайм! Урматтуу кесиптештер бул башталган иш чара уланып, чоң жемиштерин берүүсү үчүн ар кимибиз чын жүрөгүбүздөн кийинки иш чараларда бири-бирибиз менен ак дилибизден, таза махабатыбыз менен кызматташууга чакырам. Конгресстеги таанышуулар, өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жемиштүү болду, ага мисал калтырган ой-пикир, каалоо-тилектер. Жакшы башталыш - ийгиликтин жеңиши! Ишиниздерге ийгилик каалайм! Конгресстин төрайымы, биология илимдеринин доктору, профессор
Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна
1193 17:44 02-05-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|