News

5-март Ак калпак күнү

5-март Ак калпак күнү. Жылда 5- март Кыргызстанда улуттук баш кийим, ак калпактын урматына ак калпак күнү белгиленет. Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011- жылы майрамдала баштаган. Ошол жылдан бери жылдан жылга бул күндү өзгөчө белгилөө салтка айланып олтуруп,2016- жылдын 29- июлундагы отурумунда улуттук баш кийимдин маанисин сактоо максатында официалдуу белгиленип келет. Ак калпак байыртан эле кыргыз кыраандарынын жүзүн, күчүн, айкөлдүгүн, баатырдыгын сүрөттөп турат. Илгери ата-бабаларыбыз жигиттердин негизи эле эркектердин жашын башындагы калпагын карап билген. Дагы да калпагыбызды дүйнөгө таанытуу үчүн кыргыз деп күйгөн инсандар, көптөгөн аракеттерди жасап жатат ал аракеттин биринчи ийгилиги 2019- жылдын 15- декабрында " Ак калпакты- ЮНИСЕФТИН тизмесине кошту бул эмне деген жетишкендик. Мындан тышкары жаштарыбыз жылдан жылга калпактын баркын көтөрүп башынан түшүрбөй кийип калды. Жылда ушул күнү чоң деңгээлдеги параттар өтөт бул кыргыз элинин сыймыгы, баркы. Ар бир жигит Ак кар көк муз баскан Ала-Тоону чагылдырган ак калпагы менен өзгөлөргө үлгү болусу керек. Даярдаган: Ратбек кызы Айдана.
710 10:40 05-03-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|