Жанылыктар

ОшМУнун "Көк асаба" командасы “Тынчтык оюндары -2014” акыл таймашында 1-орунду багындырды

Бүгүн, 14-май күнү ОшМУнун алдындагы “Тынчтыкты изилдөө” борбору жана Эмгек, миграция, жаштар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы биргеликте уюштуруп жаткан акыл таймаш оюнуна Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан ОшМУнун “Көк асаба”, ОшТУнун “ОшТУ”, ОшМСУнун “Мурас”, ОГПИнин “Санжыра”, ОшМЮИнун “Фемида”, ККЭГИнин “Миратворцы” командалары катышып, биринчилик үчүн таймашышты. Аталган оюнга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Т.Жумабаева катышып, оюндун катышуучуларына ийгилик каалады. Ал эми ЭлТР компаниясынын продюсери Талантбек Канатбек уулу оюнга калыстык кылып барды.

“Биз өткөн жылы тынчтык оюндарын шаардагы мектептер ортосунда уюштурганбыз, быйылкы жылы ЖОЖдордун ортосунда уюштуруп жатабыз. Биздин максат жаштардын ортосунда достукту бекемдөө, чыр-чатактуу маселелердин алдын алуу, жаштарды акыл таймаштарына кызыктыруу болуп саналат”, -деди ОшМУнун алдындагы “Тынчтыкты изилдөө” борборунун директору Расул Авазбек уулу.

Оюн 4 турдан туруп, анда командалар тынчтык боюнча видео-роликтерин көрсөтүү, “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жылына карата суроо-жооптор, блиц-тур, капитандар таймашы сыяктуу тапшырмаларда өздөрүнүн билимин, дараметин көрсөтүштү. Жыйынтыгында ОшМУнун "Көк асаба" командасы 1-орунга ээ болуп уюштуруучулар тарабынан сертификат, баалуу энциклопедия китептери менен сыйланышты. Ошондой эле эртең 15-май күнү ЭлТР компаниясында уюштурулуучу көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Билермен ордо” оюунуна командалык курамда оюнга катышууга жолдонмо алышты.

9692 11:48 14-05-2014

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|