Жанылыктар

ОшМУнун акыйкатчылары бөбөктөрдүн маанайын көтөрдү

Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчылары ОшМУнун алдындагы “Зирек” балдар бакчасында тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн маанайын көтөрүп, кабар алып келишти.

Жыл сайын 30-май күнү салтка айланган ЮНЕСКОнун чоң масштабдагы “Билим баары үчүн” аттуу эл аралык акциясына карата “Жаш жеткинчектердин эрте өсүп өнүгүүсү- ар биринин укугу” деген аталыштагы программанын алкагында ОшМУнун кесиптик кошунунун демөөрчүлүгү астында университеттин студенттик акыйкатчылары “Зирек” бала бакчасында тарбияланып жаткан балдардын бир күндүк жашоосу менен таанышып, алардын таланттарына күбө болушуп, белектерин тапшырышты.

“Бөбөктөрүбүздүн жакшы тарбия, билим алуусу келечек үчүн чоң жетишкендик. Анткени өлкөбүздүн эртеңки келечеги жаштардын колунда эмеспи. Биз да бул акциянын алкагында кесиптик кошундун демөөрчүлүгү менен аз да болсо балдардын интерактивдүү билим алуусу, ой жүгүртүүсү үчүн керектелүүчү белектерибизди алып келдик. Ошондой эле алардын бир күндүк жашоосу менен жакындан таанышып, жаш болгонуна карабай “Манас” эпосунан үзүндү айткан, кыргыз бийин катыра бийлеген, мекен, эл-жер жөнүндө ырларды шатырата айткан талантуу балдар менен тааныштык”, -дейт ОшМУнун студенттик акыйкатчысы Акбарали уулу Өмүрбек.

8866 15:31 13-05-2014

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|