Жанылыктар

ОшМУнун студенттери “Өчпөс отко” барып согуштун ардагерлерине таазим этишти

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин ПИА-1-11 тайпасы куратору Мурзакматова Зияданын демилгеси менен 9-май Улуу Жеңиш майрамынын 69 жылдыгынын урматына Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан “Өчпөс отко” барып, гүл чамбарларды коюп, согуштун апаат күндөрүндө курман болгон жоокерлерди эскерип, таазим кылышты.

Ошондой эле Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасынын тургундары, эмгектин ардагерлери 109 жаштагы ардагер Шанек Кулназарова жана Паграмцева Мариянын үйлөрүндө болуп, белектерди тапшырып, кеп-кеңештерин угушуп, ак баталарын алып кайтышты.

“Өткөндү эстеп, улууну урматтоого, эл-жер үчүн кызмат кылууга тарбиялоо, тайпа ичинде биримдикти, ынтымакты чындоо биздин негизги максатыбыз”, -дейт аталган тайпанын куратору З.Мурзакматова. Белгилей кетсек, аталган тайпа куратору менен биргеликте буга чейин бир топ кайрымдуулук иштерин жасашкан.

11042 17:28 07-05-2014

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|