Объявления

“ОшМУ - боёктордо” аттуу сүрөт сынагына эмгектерди кабыл алуу 20-апрелге чейин жүргүзүлөт

Тарых жана маданият жылына карата “ОшМУ - боёктордо” аттуу көркөм искусство жаатында сүрөт сынагы башталды. Сынак студенттердин жана мугалимдердин көркөм сүрөткө чыгармачыл ой жүгүртүүсүн арттыруу, чеберчилигин жогорулатуу, ОшМУнун бүгүнкү мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоо (илимий чыгармачыл жетишкендиктерин, техникалык баззасынын өнүгүүсү), сүрөткө болгон кызыгууну жогорулатуу, көркөм табитти арттыруу, эстетикалык кооздукка көңүл буруу, таланттууларга стимул берүү, коомчулукка алардын таланттарын тартуулоону максат кылат.

Жобого ылайык сынакка катышкан ОшМУнун жалпы студенттери жана мугалимдери жогорку деңгээлде аткарылган, ар түрдүү жанрда жана техникадагы көркөм сүрөт чыгармалары живопись, графика, скульптура жана декоративдик колдонмо өнөрлөрү менен катыша алат. Сынакта көркөм сүрөт чыгармасынын өзгөчө-кайталангыс композициялык чечмелениши, өң- түстүн, колориттин берилиши, аткаруу ыкмасынын өзгөчөлүгү, өзгөчө материалдын колдонулушу, сапаттуу көркөм эстетикалык жасалгалоосуна баа берилет.

Сынака катышуучулардын эмгектери 2016-жылдын 20-апрелине чейин ОшМУнун башкы имаратынын 130-каанасында кабыл алынат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, дипломдор, номинациялар ыйгарылат.

Байланыш үчүн телефон:0(3222) 7-64-06, 0772 66 55 90, 0556 91 30 31

4691 09:05 24-02-2016

                 

Объявления

|< 1 2 3 4 >|