Жанылыктар

ОшМУда бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнүн бир айлыгы жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик университетинде 21-фавраль бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылды. “Ким сыйласа, өз энесин, өз тилин.

Сыйлай билет дүйнө элинин көп тилин” деген аталыштагы адабий-музыкалык кече университеттин чон жыйындар залында коюлуп, кечеге Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөр катышышты. Кечеде бир айлык алкагында факультеттере, колледждерде коюлуп, мыкты деп тандалып алынган ыр –бийлер тартууланып, китеп көргөзмөлөрү уюштурулду.

Башка кечелерден айырмаланып мында окуу жайда билим алып, иштеп жаткан башка улутттун өкүлдөрү катышып, өз эне тилдеринде саламдашып, өз эне тилинин улуулугун даңазалаган көркөм окууларды окушуп, улуттук бийлерин тартуулашты. Алар Россия, Пакистан, Кытай, Англия, Америка, Япон, Корей, Түрк жана башка улуттун өкүлдөрү. Ошондой эле кереметтүү кыргыз комуз күүлөрү, акындар айтышы менен биргеликте “Кыргызстаным” аттуу ыр хордо, ал эми Кыргыз Республикасынын Гимни кеченин жалпы катышуучуларынын аткаруусунда ырдалды.

Жыйындын соңунда ректор Каныбек Исаков “Ар бир элдин эне тили, өзүнүн эли үчүн улуу, кымбат. Бүгүнкү кечеден бизге ар бир улуттагы студенттерибиз өз эне тилинде айткан ырлары чын жүрөктөн айтылып жаткандыгы байкалып турду. Бүгүнкү күндө биздин окуу жайда да Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына негизделип университетте көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүү иштери жүрүп жатат. Биз жаштарга дүйнөлүк тилдерди үйрөтүү менен, көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүп жатабыз. Андыктан баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм жана ушундай жогорку деңгээлде майрамдык кеченин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем”-деди. Соңунда атайын конок катары келген белгилүү акын Тазагул Закирова “Эне менен курсактагы баланын сүйлөшүүсү” деген аталыштагы ырын окурмандарга тартуулады. Белгилей кетсек, аталган бир айлык ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент Олжобай Шаимкулов тарабынан уюштурулду.

Фото: Р.Максытовдуку
7333 16:31 21-02-2014

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|