Жанылыктар

ОшМУнун мектеп-гимназияларынын арасында мелдеш өттү

9-май-Улуу Жеңиш майрамына карата ОшМУнун мектеп-гимназияларынын 10-класстарынын арасында аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча мелдеш өттү.

Мелдеште командалар кадам таштоо, автоматты топтоо, граната ыргытуу, кол күрөш, партриоттук ырларды аткаруу, команданын эмблемасын коргоо, аскердик суроолорго жооп берүү тапшырмаларын аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду "Кара-Суу" гимназиясы, 2-орунду "Ыйман" гимназиясы, 3-орунду "Билим" лицейи ээледи.

Ректор Кудайберди Кожобеков мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктап, белектерин тапшырды. Мекенди коргоо ар бир атуулдун ыйык милдети экендигин белгилеп, дайыма кыргыз элинин намысына жараган мыкты адистерден болууга чакырды.

Аталган мелдеш ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, ОшМУнун жаштар кеңешинин төрагасы Бектурсун Орозали уулу тарабынан жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, спортко үндөө, окуучулар арасында достукту бекемдөө максатында уюштурулду.

987 13:49 10-05-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|