Жанылыктар

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратына 4-курстун студенти Бекжан Жумабаев шайланды

Ош мамлекеттик университетинде 6-майда студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму- студенттик акыйкатчысына шайлоо өттү.
Шайлоого ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерден 192 делегат добуш беришти.
Алгач университетте 2 жыл аралыгында студенттик акыйкатчы аппаратын жетектеп келген Адилет Абдырахманов аткарылган иш-аракеттери боюнча жыйынтык отчетун берди. Андан соң студенттик акыйкатчы аппаратына талапкерлигин койгон 5 студент өздөрүнүн платформалары менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти.
Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 4-курсунун студенти Бекжан Жумабаев студенттик акыйкатчы аппаратына шайланды. ОшМУнун кесиптик кошуунунун төрагасы Абсамат Саттаров шайлоонун төрагасы кызматын алып барды.
Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери тарабынан 2 жылдык мөөнөт менен бир жолу шайланат. Акыйкатчы аппараты студенттердин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылат.
965 08:48 07-05-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|