Жанылыктар

Профессор Сатканбай Момуналиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сатканбай Момуналиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди.

Мааракенин алкагында «Педагогика, методика жана кыргыз тили менен кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери» аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү. Конференцияга белгилүү илимпоз-окумуштуулар, акын-жазуучулар, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, жакын санаалаштары, шакирттери катышты.

Мааракеге катышкан коноктор профессор Сатканбай Момуналиевдин өмүрү, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү, окумуштуу катары илимдеги ийгиликтери тууралуу айтышты.

Пленардык жыйында учурдагы адабият, тил маселелерине арналган баяндамалар жасалып, күндүн экинчи бөлүгүндө конференция беш секциялык иште уланды.

Педагог, акын, мыкты устат Сатканбай Момуналиев 1951-жылы 28-апрелде Ош облусуна караштуу Жаңы-Жол районунунда туулган. Агартуу тармагында 54 жылдан бери үзүрлүү иштеген болсо, анын 41 жылын ОшМУда жетекчилик кызматтарда эмгектенди. Илимпоз-окумуштуу катары мектептер үчүн жазылган жети окуу китебинин, эки монографиянын, бир сөздүктүн, 100 гө жакын илимий, популярдуу макалалардын автору. Учурда 9 кандидаттык, 2 доктордук ишке жетекчилик кылып, илим жаатында үзүрлүү эмгектенүүдө.

Мааракенин жүрүшүндө профессор Сатканбай Момуналиевдин бейнесине арналып тартылган тасма көрсөтүлдү. Фильмдин режиссеру Коомчулук менен байланыш департаментинин окуу лаборатория башчысы Медер Ниязалиев.

631 12:05 01-05-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|