Жанылыктар

ОшМУда таланттуу студент Алтынбек Араповдун тушоо кесүү концерти өттү

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин эстрада бөлүмүнүн 5-курсунун студенти, көптөгөн республикалык кароо-сынактардын лауреаты Алтынбек Арапов тушоо кесүү концертин өткөрдү.

Кечеге университеттин окутуучулук курамы, студенттер, ырчынын жакындары, ыр күйөрмандары катышты. Тушоо кесүү концертинде жандуу эстрадалык ансамблдин коштоосундагы ырлар жаңырды.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Алтынбек Араповду куттуктап жатып: “Ар бир бүтүрүүчүбүздүн болочок кесиптик ишмердиги боюнча даярдыгын анын иш аракеттинде көрсөтө алсак, ошондо биз билим берүүнүн күтүлүүчү натыйжаларына жеткен болобуз”,-деди. Алтынбек Араповго жана анын устаттарына окуу жайдын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Кече факультеттин “Илим жана искусство” жумалыгынын алкагында өттү.

359 13:51 30-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|