Жанылыктар

Жаштарды руханий – интеллектуалдык өнүгүүгө багыттаган конференция

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык ОшМУнун жаштар кеңеши “Жаштар жана руханий–интеллектуалдык өнүгүү» аттуу конференция уюштурду.

Конференцияда эл аралык Ч.Айтматов академиясынын академиги, профессор Үкүева Бүшарипа, акын, коомдук ишмер Тазагүл Закирова, жазуучу Куштарбек Кимсановдор жаштардын жүрүм-турумун, интеллектуалдык деңгээлин, адеп-ахлагын жогорулатууга арналган баяндамаларын жасашты.

Ошондой эле Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Иззатбек Берхмаматов, ОшМУнун алдыңкы студенттери бүгүнкү учурдагы жаштардын илим, билим берүү, маданият тармагындагы орду жана өнүгүү багыттары боюнча ойлорун ортого салышты.

Жаштар кеңеши тарабынан 19-апрелден 25-апрелге чейин «Студенттик илимий апталык» жарыяланды. Бул аралыкта университеттин бардык факультеттеринде онлайн вебинарлардын, семинарлардын сериясы өткөрүлөт. Максаты студенттердин чыгармачылык жөндөмүн, илимий, интеллектуалдык потенциясын арттыруу болуп саналат.

397 15:00 20-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|