Жанылыктар

ОшМУнун психология адистигинин студенттери эл аралык конференцияга катышты

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Польшанын Бы́дгощ шаарында жайгашкан Жогорку экономикалык мектеби жана Орусиянын Забайкалье мамлекеттик университети тарабынан эл аралык онлайн конференция уюштурулду.

Онлайн иш-чарага педагогика, медицина, дене тарбия, психология жаатындагы илимпоздор жана Чехия, Польша, Орусия, Казакстан, Монголия жана Кыргызстандан студенттер катышты.

ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин психология адистигинин 3-курсун студенти Нураим Султанова “Кыргызстандагы майып балдардын психофизикалык ден-соолугунун көйгөйлөрү” деген темада баяндама жасады. Ал эми 2-курстун студенттери Жазгүл Маматова менен Акылай Тилебалдыева “Бала бакчанын үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөгү ролу”, Айназик Абдуллакимова “Майып балдардын психофизикалык ден-соолугу” деген темаларды ачып беришти. Жыйынтыгында студенттерге жана илимий жетекчисине сертификаттар тапшырылды.

“Конференцияда абдан актуалдуу маселелер козголду. Өзүнүн баяндамалары менен катышкан студенттерде илимге болгон кызыгуу артты десем болот. Мындан сырткары Эразмус+ программасы аркылуу студенттерди академиялык мобилдүүлүккө чыгаруу аракеттерин да көрүп жатабыз”,-деди студенттердин илимий жетекчиси философия илимдеринин доктору, психология кафедрасынын профессору Асылбек Эшиев.

Конференция мектеп жашына чейинки балдардын ден-соолугу жана билим берүү маселелерине арналып уюштурулду.

Конференциянын шилтемеси: https://www.youtube.com/watch?v=6OtGAh8dQSs

556 11:11 19-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|