Жанылыктар

Бүткүл дүйнөлүк гемофилияга каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультети Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмү менен биргеликте 17-апрель-Бүткүл дүйнөлүк гемофилияга каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрдү.

Акцияга эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ош шаарына жакын жайгашкан Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунан гемофилия менен жабыркаган балдар ата- энелери менен келип катышты.

Уюштуруучулар гемофилия жөнүндө маалыматтарды беришип, чакан маанай көтөргөн концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын негизги максаты коомчулукка гемофилия илдети тууралуу маалыматтарды жеткирүү, ооруунун алдын алуу, бейтаптардын өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн жакшыртуу. Акцияга Медицина факультетинин ички оорулар №3 жана педиатрия кафедрасынын жамааты, студенттер активдүү катышты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда гемофилия менен ооругандардын саны 400гө жакын, анын 40 пайызын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт.

532 14:51 17-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|