Жанылыктар

Мар Байжиевдин "Кыз-күйөө" драмасы коюлду

15-апрелде Ош улуттук драма театрында Ош мамлекеттик университетинин студенттери жана театрдын кызматкерлери тарабынан даярдалган Мар Байжиевдин "Кыз-күйөө" драмасы коюлду.

Турмуш, сүйүү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилелердин келишпестигин чагылдырган спектакль көрүүчүлөрдү бирде жылмайтса, бирде көзүнө жаш алдыртты.

Спектаклде ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультетинин режиссура адистигинин 2-курсунун студенти Сезим Эшимбек кызы башкы каарман Гүлсүндүн образын ачып берди. Ал эми окуу жайдын журналистика адистигинин 3-курсунун студенти Айганыш Туратбек кызы чыгармадагы эненин жана соттун ролун аткарса, театрдын солисти Жамалидин Жолдошов башкы каарман Эркиндин образын алып чыкты.

Спектакль аяктагандан кийин ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева окуу жайдын жамаатынын атынан куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Спектаклдин режиссеру КРдин эмгек сиңирген артисти, ОшМУнун студенти Солтобай Кулбаевге, театрдын кызматкери, спекталдин сүрөтчүсү Бакыт Тилекматовго жана каармандардын образын жараткан актерлорго ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Режиссура адистигинин студенттери жыл сайын уюштурулуп жаткан республикалык «Жаңы ысымдар» фестивалына катышып келет. Учурда жамаат 5 спектакль, 2 кино тасма тартууга жетишкен.

428 12:25 16-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|