Жанылыктар

ОшМУнун эл аралык медицина факультетиде кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Мелдеш Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата факультеттер аралык №2 дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулду. Эл аралык медицина факультетине жакынкы чет өлкөлөрдөн келип билим алып жаткан 1-курстун студенттеринен 6 курама команда катышты. Жыйынтыгында жеңишке жеткен командалар кубок, диплом, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.

“Кичи футбол мелдешин өткөрүү демилгебизди эл аралык медицина факультети да колдоп берди. Оюндун жүрүшүндө футболду мыкты өздөштүргөн студенттердин арбын экендигин көрдүк. Мыкты оюнчуларды университеттин футбол боюнча курама командасына кошууну максат кылып турабыз”,-деди факультеттер аралык №2 кафедрасынын башчысы Бакытбек Кулуев.

Футбол мелдеши студенттердин ден соолугун чыңдоо, спорт менен машыгууга шарт түзүп берүү, сергек жашоого үндөө, достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулду.

400 15:33 12-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|