Жанылыктар

ОшМУ менен БААУнун кызматташуусу бекемделет

Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти, доктор Эндрю Качинс ОшМУга иш сапары менен келди. Ректор Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушууда эки окуу жай ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө сүйлөшүү болду.

Учурда “Ош декларациясына” кирген окуу жайлар академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташып, студенттерди алмашып билим берүү алгылыктуу жүрүүдө. Буга байланыштуу окуу жай жетекчиси Борбор Азиядагы Америка университетин “Ош декларациясына” мүчө болууга чакырды.

Эки университет ортосунда Эразмус+ программасынын негизинде биргелешкен эл аралык долбоорлорго катышуу, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашууларды уюштуруу багытында кызматташууну өнүктүрүү макулдашылды.

Доктор Эндрю Качинс ОшМУнун музейи, автоматташтыруу жана санарипттештирүү иштери менен таанышты.

Ош мамлекеттик университети менен Борбор Азиядагы Америка университети 2018-жылы эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон.

414 11:39 12-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|