Жанылыктар

ОшМУ менен Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети кызматташуу келишимине кол койду

Ош мамлекеттик университети менен И.Я. Яковлев атындагы Чуваш мамлекеттик п едагогикалык университетинин жетекчилеринин ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык ар бир семестрде өнөктөш университеттер бири-бирине 15 студентке чейин академиялык мобилдүүлүк боюнча окууга жөнөтүшөт.

Жыйынга Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинен окуу иштери боюнча проректору Светлана Ильина, тарбия жана социалдык иштер боюнча проректор Ольга Лукичева, илимий жана инновациялык иштер башкармалыгынын башчысы Александр Кириллов, ОшМУдан ректор Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, тиешелүү факультеттин декандары, кафедра башчылар жана программа жетекчилери катышты.

Өнөктөш эки окуу жай ортосунда бир топ убакыттан бери кызматташуу алакалары жүрүп келе жактандыгы айтылып, келечекте кош дипломдуулук, биргелешкен билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүк, илимий, маданий, социалдык багыттагы кызматташтыктар боюнча сөз болду.

Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Светлана Ильина университет уюштурган «Орус тили чет тили катары: кептик стилдердин ар түрдүүлүгү», «Орус адабиятын окуп, түшүнүүгө үйрөнөбүз» аттуу онлайн курстарды ийгиликтүү аяктаган окутуучуларга, студенттерге сертификат тапшырды.

Жаңы окуу жылынан эки окуу жай ортосунда чет тилдери, химия жана биология, прикладдык информатика, башталгыч билим берүү багыттары боюнча кош дипломдуулук, окуу пландарын интеграциялоо, билим берүү программалары менен алмашуу иш-аракеттери башталат.

554 22:57 05-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|