Жанылыктар

ОшМУнун профессорлору мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2-апрелде ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ош мамлекеттик университетинин педагогика илимдеринин доктору, профессор Саткынбай Момуналиев жана физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлбадан Матиева "Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамдарына ээ болушту. Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон профессорлорду жалпы жамааттын атынан куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылган, алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.

546 11:57 03-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|