Жыйынтыгында “Үй-бүлөлүк медицина планетасы” жана “Иммунитет” командалары 1–орунду, “Импульс” командасы 2-орунду, “Үй-бүлөлүк дарыгерлер лигасы” командасы 3-орунду, “Mix” командасы 4-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр диплом, белектер менен сыйланышты.
Студенттердин олимпиадасы факультеттин ички оорулар 3 кафедрасы тарабынан демилгеленип, деканаттын, "Медициналык билим берүүнүн реформалары" долбоорунун жана студенттик кеңештин колдоосу менен уюштурулду. Максаты Кыргызстанда, өзгөчө айыл жергесинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуда салым кошуу, студенттердин бул багытта кесип тандоосуна багыт берүү болуп саналат.