Жанылыктар

ОшМУ Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында мелдеш өткөрдү

Ош мамлекеттик университетинде 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата студенттер ортосунда спорттук мелдеш өттү.

Мелдешке Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан 100дөн ашуун студенттер катышып, спорттун 7 түрү боюнча күч сынашты.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө ОшМУнун жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин дипломдору, кызыктыруучу белектери ыйгарылды.

Майрамга карата уюштулган мелдеш ОшМУнун жаштар комитети жана окуу жайдын “Ынтымак” спорт клубу тарабынан жаштар ортосунда ынтымакты, достукту бекемдөө, сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду.

721 21:51 23-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|