Жанылыктар

ОшМУда мамлекеттик экзамен тапшыруу үчүн атайын тест сиcтемасы иштелип чыкты

Окуу жайдын программисттери мамлекеттик экзамендерди (кыргыз тили, кыргызстан тарыхы, кыргызстан географиясы) онлайн форматта тапшыруу үчүн атайын тест системасын иштеп чыгышты. Электрондук тест система ушул жылы тапшырыла турган мамлекеттик экзамендерде толук ишке кирет.

“Жаңы иштелип чыккан система бир топ ыңгайлуу жана ишенимдүү. Студент тест учурунда, интернет кошулган бардык жерде, смартфон менен жана маңдайкы камерасы бар компьютер аркылуу тапшыра алат. Экзамен тапшырып жаткан студентти маңдайкы камера автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, базага сактап турат. Студенттин ашыкча кыймыл аракети байкалган сүрөт болсо, комиссия кайра тапшырууну же, баллын азайтууну карайт”,- деди ОшМУнун IT академиясынын жетекчиси, программист Айтибек Абдирасулов.

Мамлекеттик экзамен тапшыруу учурунда студент AVN (автоматташтырылган окуу системасы) порталындагы өзүнүн логини, сыр сөзү менен кирет. Өзүн текшерүү үчүн алдын ала тапшырууга атайын шилтеме уюштурулуп, ал шилтеме аркылуу аты-жөнүн жазып тапшырса болот.

Тест кыргыз, орус, англис тилдеринде даярдалып, суроо-жоопторду бир учурда үч тилде окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мында тилди тандоо функциясын орнотуунун кажети жок.

Тесттик база үч предмет үчүн түзүлүп киргизилген 900 суроонун ичинен 20 суроолуу вариантты автоматтык түрдө система өзү сунуштайт.

734 16:39 22-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|