Жанылыктар

“Улуттук тилдер – ааламдашуу алкагында” аталышындагы илимий-усулдук семинар

ОшМУда 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Улуттук тилдер – ааламдашуу алкагында” аталышындагы илимий-усулдук семинар өттү.

Бул иш чара ОшМУнун №2 кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун практикалык курсу кафедрасы тарабынан уюштурулган.

Семинарда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түркология бөлүмүнүн башчысы, ф.и. д., доцент Бурул Сагынбаева, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к. доцент Гулжан Бакирова, коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин өзбек тил таануу кафедрасынын башчысы, ф. и. к., доцент Алимжон Тожиев, алыскы Америкадан мекендешибиз п.и.к. Гүлпери Адиловалар доклад жасашты.

Ошондой эле ОшМУнун окутуучулары окуу-усулдук тажрыйбалары менен бөлүшүп, сабак-фрагменттерден көрсөтүштү.

Семинарга Ош шаарындагы жогорку жана кесиптик орто окуу жайлардын окутуучулары да катышты.

Семинардын жүрүшүндө белгилүү төкмө акын, дастанчы Абдували Акимбеков, дастанчы, ырчы-обончу Бурул Стамкуловалар жагымдуу чыгармадарын тартуулашты.

616 20:38 20-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|