Жанылыктар

ОшМУ билим берүү тармагындагы мыйзам долбоорун презентациялады

Ушул жылдын 11-февралында Бишкекте Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Анда жогорку окуу жайларына тапшырылган долбоордук багыттар талкууланды.

Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г. Кожобеков “Билим берүү жаатындагы мыйзамдарды талдоо” боюнча презентация жасады. Анда бир нече мыйзамдарды бир тармактык мыйзамга алып келүү долбоору сунушталды. Ошондой эле “Билим жана коом” мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча долбоору да сунушталып, бекитилди.

2020-жылдын 13-ноябрында өткөн жыйында Билим берүү жана илим министри өлкөдөгү алдыңкы 14 жогорку окуу жайдын ар бирине конкреттүү тапшырма берген.

726 15:18 12-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|