Бул иш чарага ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттери, магистранттары жана республикабыздын ар тарабынан мектеп мугалимдери катышышты. “Конок лекция суроо-жооптор менен коштолуп, жалпы катышуучулар сабактын жүрүшүндө өз ишмердүүлүгүнө керектүү маалыматтарды ала алышты. Буйруса бул саамалык дагы уланат. Анткени Г.Мадаминов агайыбыз онлайн конок лекциялардын циклын жалпы 10 темада өтүп бермекчи”, -деди Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы С. Арстанов.










