Жанылыктар

ФерМУнун студенттерине ОшМУнун сертификаттары тапшырылды

Фергана мамлекеттик университетинин 100гө жакын студенттери 1-декабрдан 31-декабрга чейинки аралыкта ОшМУда онлайн режиминде академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү.

23-январда онлайн байланыш аркылуу сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Ага ОшМУнун ректору К.Г. Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору А.О. Абдувалиев, академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы С. Амиралиев, ал эми ФерМУ тараптан илимий иштер боюнча проректор А.А. Уринов, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ж. Нишанов, айрым окутуучулар жана билим алышкан студенттер катышышты.

ОшМУнун ректору эки окуу жайдын байланыштары жылдан жылга тездик менен өнүгүп, кызматташтыктар бекемделип жаткандыгын белгиледи. Пандемия шартына карабай студенттердин онлайн мобилдүүлүгү активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, онлайн режимде академиялык мобилдүүлүктөн өтүшкөн студенттерге сертификаттарды тапшырды.

Студенттер ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият, орус филологиясы, табият таануу жана география, математика жана информациялык технологиялар, физика-техника, педагогика, психология жана дене тарбия факультеттеринде мобилдүүлүктөн өтүшкөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жай келечекте академиялык мобилдүүлүктүн онлайн формасын мындан ары дагы өнүктүрүү, илимдин ар кайсы тармактары боюнча биргелешкен диссертациялык кеңештерди ачуу, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын түзүү багыттары боюнча сөз кылышты.

775 00:32 24-01-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|