Жанылыктар

ОшМУда 2020-жылда санариптештирүү багытында аткарылган иштер

Өлкөнү санариптештирүү иш-чарасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинде студенттерге окутуучуларга санариптик технологияларды колдонуп бир канча кызматтар онлайн түрүндө көрсөтүлө баштады. ОшМУнун 80 жылдыгына арналган мааракелик он-лайн иш-чараларды өткөрүү максатында http://80.oshsu.kg/ сайты иштелип чыгып кыргыз орус жана англис тилдеринде дүйнөлүк тармакка жайгаштырылды.ОшМУнун 80 жылдыгына арналган мааракелик он-лайн иш-чараларга катышуучуларды каттоого, чакыруу жөнөтүүгө жана конференциянын жүрүшүн программалык колдоого алуу максатында http://conf.oshsu.kg сайты түзүлүп, ал сайт аркылуу дүйнөнүн каалаган жеринен биздин иш-чарага катышуу үчүн катталууга шарт түзүлдү.

Медицина http://medical.oshsu.kg/, Эл аралык медицина http://imf.oshsu.kg/, Кыргыз-Түрк http://ktf.oshsu.kg/ жана Чыгыш таануу жана тарых факультеттеринин http://oriental-history.oshsu.kg/ өздүк сайттары түзүлдү. Пандемия шартында Ош мамлекеттик университети дистанттык технологияларды колдонуу менен аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессин натыйжалуу уюштурууну андан ары өнүктүрүү максатында студенттерге сурамжылоо жүргүзүү үчүн http://opros.oshsu.kg/ программасы түзүлүп ал жерде 10259 студенттен сурамжылоо өткөрүлдү жана жыйынтыгы анализден өткөрүлүп студенттердин айткан сунуштарын эске алуу менен өзгөртүүлөр кийирилди. Бүтүрүүчү курстарды аралыктан экзамендерди жана МАКты тапшыруусун уюштуруу максатында http://webinar.oshsu.kg/ видеоконференция программасы түзүлдү. Ал программаны иштетүү үчүн атайын 10 сервер даярдалып ар бир серверге жеке кабинет (логин аркылуу) түзүлүп студенттер менен мугалимдерди онлайн байланышууга шарт түзүлдү. Жайкы сессия учурунда жалпы 1289 видеоконференция уюштурулуп, жазылган материалдары серверде сакталды.

Илимий-изилдөө иштердин сапатын жогорулатуу, маалыматтын жеткирүүнүн ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу максатында http://vestnik.oshsu.kg веб порталы жаңы маалыматтар менен толукталды.

Тиешелүү билим берүү багыттары боюнча аткарылып жаткан илимий-изилдөө иштердин сапатын жогорулатуу максатында AntiPlagiatPro аталышындагы программа иштелип чыгып ОшМУдагы бардык магистрдик диссертацияларды, квалификациялык жумуштарды жана илимий макалаларды антиплагиат http://plagiat.oshsu.kg программасы аркылуу текшерүү жүрүүдө. Бул программаны КРнын 5 ЖОЖ ийгиликтүү пайдаланып келүүдө. Бүгүнкү күндө жалпысынан 2157 диссертация, 7500 макала, 4000дей реферат ж.б. электрондук базасы бар.

Студенттердин сунуш, ой-пикирлерин, даттанууларын жана кайрылууларынын кепилдигин жакшыртуу, студенттер менен жакындан иш алып баруу максатында университетибиздин сайтынын башкы бетинде электрондук ишеним кутучасы ишке киргизилди. Студенттерден келген каттарды ОшМУнун ректору, коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиясынын төрагасы жана студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси гана окуу мүмкүнчүлдүгү бар.

Кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында «Адис» окуу борборунун өтүнүчү менен абитуриенттердин кесиптик жөндөмдүүлүгүн аныктоочу http://test.oshsu.kg/ порталы иштелип чыгып 15 миңдей мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн тест алынды жана кесиптик жөндөмдүүлүгүнө жараша кесиптер сунушталды.

Окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде жана спорттук иш-чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге ошондой эле жаш таланттарга стимулдук шык, моралдык жана материалдык дем берүү максатында уюштурулуп жаткан «Эң мыкты студент» сынагына катышууну каалаган студенттер үчүн ачык портал https://student.oshsu.kg иштелип чыкты. Ал порталда студенттердин жетишкендиктерин өздөрү көрсөтө алышат жана канчанчы орунда экенин он-лайн аркылуу билсе болот.

ОшМУга абитуриенттерди онлайн кабыл алуу үчүн https://priem.oshsu.kg/маалымат системасы түзүлүп 2020-2021-окуу жылы үчүн абитуриенттерди аралыктан документтерин каттоого жана экзамен тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Программаны колдонуу боюнча атайын окуулар өткөрүлдү. Кабыл алуу комиссиясынын ишмердүүлүгү толук автоматташтырылган тартипте уюштурулуп, университеттин сайтында бардык процессти чагылдырып туруу мүмкүнчүлүктөрү жаралды. ЖРТнын негизинде кабыл алынган абитуриенттер атайын ББМ тарабынан https://2020.edu.gov.kg/ сайты аркылуу конкурска катышууга шарт түзүлдү. Конкурстан сунушталган абитуриенттер документтерин онлайн тастыктоо мүмкүндүгүнө ээ болушту. Орто кесиптик билим берүү багытына тапшырууну онлайн уюштуруу максатында https://spuz.edu.gov.kg/ сайты аркылуу катталууга жана окууга кирүү үчүн аттестаттын орточо баллы аркылуу конкурстук негизде кабыл алынды.

2020-2021-окуу жылынан тарта ОшМУ «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалымат алмаша баштады, анда Билим берүү жана илим министрлигинин базасынан дипломдорду текшерүү http://sev.oshsu.kg/сервиси аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Кийинки кадам болуп университетте окуган студенттердин маалыматтарынын туура жана тактыгын текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо Кызматынын базасын пайдаланууга макулдашуу иштери башталды.

IT индустриянын заманбап тенденцияларына жооп берүүчү жогорку сапаттагы IT- адистерди кыска мөөнөттө даярдоо максатында учурда 20 угуучуга билим берүүдө. Окуу, тарбия жана башка процесстердин айкындуулугун кепилдөө максатында, жана ошондой эле студенттерге, ата-энелерге маалымат жеткирүү үчүн университет жөнүндө толук маалыматарды камтыган www.oshsu.kg даректүү өздүк сайты учур талабына ылайык реконструкцияланууда. Сайтка маалыматтарды аралыктан көз карандысыз кийирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Ош мамлекеттик университетинде 2020-жылдын июль айынан баштап Электрондук документ жүгүртүү (ЭДЖ) тутумун ишке киргизилип жана иш жүргүзүү башталды. ЭДЖ тутумун ишке ашыруу үчүн ОшМУнун ректорунун 2020-жылдын 13-апрелиндеги No12 / 359 буйругу менен ОшМУда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча ички көрсөтмө бекитилген.

Электрондук документ жүгүртүүгө катышуучулардын эсепке алуу саясатына, аларга кол коюуга укуктуу кызматкерлердин тизмесине жана башка маанилүү нюанстарга (документтерди сактоо, кирүү, өткөрүп берүү ж.б.) оңдоолор киргизилди. Учурда ЭДЖ менен иштеш үчүн кадрлар даярдалууда.

Электрондук документ жүгүртүүнүн артыкчылыктары:

- Макулдашуу жана документтерди бекитүү ылдамдыгын жогорулатуу;

- Кайталоону жокко чыгарып, документтердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү;

- Документти системага тез идентификациялоо;

- Документтин кыймылын ар бир этапта көзөмөлдөө;

- Материалдарды жана ресурстарды үнөмдөө.

Келечекте тутумга жаңы функцияларды, толуктоолорду, ошондой эле ЭДЖ тутумун колдонуу боюнча үзгүлтүксүз тренингдерди жана курстарды уюуштуруу пландаштырылууда.

ОшМУнун электрондук китепканасы аталган http://ibooks.oshsu.kg , сайтынын иши үзгүлтүксүз окуу процессинде тартыш жараткан китептер, ректордун уруксаты менен профессордук-окутуучу курамдын билдирүүсүнүн негизинде 560даана электрондук китептер менен толукталып, БатМУ, Ош шаардык төрөт үйүнүн администарция жана кафедраларына атайын логин паролдун жардамында келишимдик негизинде http://ibooks.oshsu.kg/, электрондук китепканасынан пайдаланууга уруксат берилди. Окуу процессин аралыктан жүргүзүүдө илимий китепкананын сайты http://library.oshsu.kg/ нын сол тарабында http://www.okuma.kg/, https://lib.kg/ky/, http://neb.kg/, http://kyrlibnet.kg/, http://window.edu.ru/ сыяктуу электрондук ресурстар жайгаштырылып, көмөк көрсөттү. ОшМУнун электрондук китепканасын толук кандуу ишке түшүрүү максатында ИРБИС 64+ программасы университет тарабынан сатып алынып, андагы беш жумушчу орундар: АЖО администратор, АЖО каталогдоочу, АЖО комплектөөчү, АЖО китеп берүүчү, WEB-ИРБИС өз ишин баштады. (АЖО – автоматташтырылган жумушчу орун) http://irbis.oshsu.kg /

Алгач, серверь көтөрүлүп, сатып алынган ИРБИС 64+ программасын ОшМУнун китепканасынын принциптерине ылайыкталып: окутуунун багыттарынын, факультеттердин, кафедралардын, китеп сакталуучу жайлардын, китепти баалоочу акча бирдиктеринин, китеп басылып чыккан шаарлардын аталыштарынын, автордун аты–жөнү, басмаканалардын сөздүктөрү түзүлдү;

ИРБИС 64 программасынын жардамында китепканачылар тарабынан түзүлгөн китептердин электрондук каталогдорунун базасын ИРБИС 64+ программасына которулуп алынды. ИРБИС 64+ программасынын клиент бөлүгү факультеттерде жайгашкан окуу зал, абонемент, китепканаларындагы кызматкерлердин компьютерлерине орнотулду жана ар бир кызматкер логин, пароль менен камсыздалды. Программанын баштапкы бөлүгү саналган АЖО каталогдоочу менен иштөөнүн жол-жобосу ошондой эле мурда кетирилген каталардын үстүнөн иштөө боюнча китепкана кызматкер арасында окутуу, үйрөтүү иштери алып барылды. Бул аралыкта ИРБИС 64+ программасынын толук түрдөө иштөөсүн көрүү максатында тажрыйба өткөрүүчү серверди жана клиентти курап, программалык жактан тар чөйрөдө, кыскача түзүлгөн маалымат базаларынын жардамында толук кандуу иштетип, профессордук-окутуучу курам, ректорат, жогорку бийлик өкүлдөрү: Илим жана билим министрлиги Исаков Каныбек Абдуваситовичке, Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке, Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун ректорлоруна китепкананын ишинин автоматташтырылуусун жана электрондук китепканадан аралыктан туруп пайдалануу көрсөтүлдү;

Программанын кийинки бөлүгү АЖО китеп берүүчү иштөөнүн жол-жобосу китепкана кызматкерлерине үйрөтүлүп, 2020-окуу жылында биринчи курска кабыл алынган 12581 студенттин 4200нө өздүк кабинет ачылып электрондук окурмандык билет номерлери иштелип чыгып катталды.

ОшМУнун архивиндеги журнал китепчелер робот-сканердин жардамынада pdf форматка айландырылуу менен архивди санариптештирүү колго алынды. Учурда 20дан ашуун архивдик материалдар электрондоштурулду.

(Маалымат ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2020-жылдын 28-декабрдагы жыйынындагы материалынан алынды)

1132 15:48 20-01-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|