Жанылыктар

ОшМУнун студенти жеңил атлетика боюнча өлкө чемпиону болду

14-15-январь күндөрү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатында Ош мамлекеттик университетинен 5 студент катышып келди.

ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери Садыкжан уулу Шерзатбек 400 метр аралыкта жана 200 метр аралыкта чуркоодо I орунду багындырып, жеңил атлетика боюнча өлкө чемпиону аталды. Ал эми Бектурсун Жумабаев 400 метр аралыкта чуркоодо III орунду ээледи.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Алымкан Жамшитбекова 400 метр жана 800 метр аралыкта чуркоодо II орунду багындырды.

Жеңиш ээлерин ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, окууларына ийгилик, спортто бийиктиктерди каалады.

818 13:34 19-01-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|