Жанылыктар

ОшМУда окутуучулар арасында өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде 19-январда профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда өткөн спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жамааттын биримдигин чыңдоо жана ынтымагын арттыруу, сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган иш чарада жеңишке жетишкен командаларды куттуктап, ийгилик каалады.

Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте I орунду Бизнес жана менеджмент факультети, II орунду Индустриалдык–педагогикалык колледжи, III орунду Медициналык колледжи жеңип алышып, диплом, кубок, акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Салтанатта ар бир спорттук оюндар боюнча да жеңүүчү командалар акчалай сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле мыкты оюнчуларга, мыкты калыстарга дипломдор тапшырылды.

Аталган спорттук мелдеш 12-15-январь күндөрү волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, баскетбол, мини футбол оюндары боюнча өткөн. ОшМУнун ректораты жана профсоюз уюму тарабынан каржыланган спартакиаданын байге фонду 60 000 сомду түздү.

815 13:20 19-01-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|