Жанылыктар

ОшМУда туңгуч тилчи, окумуштуу Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган он-лайн конок леция болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде 15-январда туңгуч тилчи, окумуштуу, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз УИАсынын ардактуу академиги Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата "Кусеин Карасаев - алп тилчи, өрнөктүү өмүрдүн ээси" аттуу он-лайн конок лекция уюштурулду.

Конок лектор катары Жогорку Аттестациялык комиссиясынын президиумунун мүчөсү, Эл аралык Кувейт университетинин профессору Бейшебай Усубалиев катышып Кусеин Карасаев өрнөктүү өмүрү, ишмердүүлүгү, кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымдары боюнча маалымат берди.

ZOOM платформасы аркылуу уюштурулган он-лайн конок лекциянын уюштуруучусу ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Мастура Шарипова иш-чарада модераторлук кылды.

1417 07:03 16-01-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|