Жанылыктар

ОшМУда окутуучулар ортосундагы спартакиада башталды

12-январда Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун 5 түрү боюнча аялдар жана эркектер арасында спартакиада башталды.

Волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана колледж, лицейлеринен 20 команда катышууда.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков: “Бүгүнкү күндө университетте спортко өзгөчө маани берилип, мыкты шарттар жаралып жатса, ошол эле учурда ар түрдүү мелдештерде спортчуларыбыз жеңишке жетишип, университеттин намысын коргоп келүүдө. ОшМУнун порофессионалдык “Университет-ОшМУ” волейбол клубу жакында эле КРдин чемпионатынын жогорку лигасынын жеңүүчүсү болуп, улуттук лигага жолдомо алды. Биздин спортчу жаштарыбыз дайыма университетибиздин намысын бийик ареналарда коргой беришине тилектешмин. Спартакиадага катышып жаткан командаларга ийгилик каалаймын”,-деди.

Мелдештер 12-15-январь күндөрү Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин спорт комплексинде, табият таануу жана география факультетинин спорт залында өтөт.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 19-январда болот. Бул жылы спартакиаданын байге фонду 60 000 сом.

1146 14:15 12-01-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|