Жанылыктар

Жаңы жылыңыздар кут болсун!

Биз улуу жолдо, бийик максаттар менен баратабыз. Баарыбыз бири-бирибизге комкор замандашпыз. Бири-бирибизге муктажбыз. Биздин тилегибиз таза, ниетибиз ак. Окуу жайга изги тилек менен кирип, орошон ойлор менен чыгабыз. Ар бир күнүбүз изденүүлөрдөн, тазалануудан, алдыга умтулуудан турат. Жакшылыктарга бирге кубанып, ийгиликтерге бирге сыймыктанабыз.

Ар бир өтүп бараткан жылды канааттануу менен узатып, келе жаткан жылды жаңылануу менен тособуз.

Сиз үчүн келаткан жыл жемиштүү болсун! Окуу жайыбыз бийиктерге карай умтула берсин!

Ар бир кызматкерибиздин дени сак, көңүлү куунак болсун! Үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм!

Жаңырган жыл куттуу болсун!

Ак тилегим менен,

Кудайберди Кожобеков,

ОшМУнун ректору, профессор

825 20:47 31-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|