Жанылыктар

ОшМУда медиа лаборатория ачылды

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасында "Жеткиликтүү жана коопсуз турак жай шаары" долбоорунун алкагында медиа лаборатория ачылды.

Медиа лабораториянын ачылыш аземине ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыква, Оштогу журналисттер, окутуучулар, студенттер катышышты.

Аталган долбоор ОшМУ, Сорос- Кыргызстан жана "Интербилим-Ош" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылган.

"Медиа лаборатория студенттер журналистиканын жаңы багыттары боюнча билимдерге ээ болуп, практикалык көндүмдөрдү жасоо суна шарт түзөт. Бул өнөркана журналистикага кызыккан бардык студенттер жана жаш журналисттер, блогерлер үчүн мектеп болот деген үмүттөбүз", – дейт ОшМУнун доценти, долбоордун демилгечиси, "Интербилим-Ош" коомдук бирикмесинин жетекчиси Г.Мамасалиева.

908 00:55 31-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|