Жанылыктар

“Бир өмүрдүн сабагы” аттуу профессор К. А. Исаковду эскерүү кечеси өттү

12-декабрь-Улуттук адабият күнүнө карата Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин №2 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятын окутуунун практикалык курсу кафедрасы тарабынан “Бир өмүрдүн сабагы” аттуу профессор К. А. Исаковду эскерүү кечеси өттү.

Алгач эскерүү иш-чарасы ф.и.д., профессор Каныбек Искаковдун “Айылыма кат” видео баяны менен башталды.

Кыргыз филологиясы факультетинин деканы ф.и.к., Нурмамат Турганбаев, №2 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятын окутуунун практикалык курсу кафедрасынын башчысы ф.и.к., Фарида Алиевалар адабият күнүндө эскерилип жаткан маркум профессор Каныбек Исаков тууралуу эскерүү сөздөрүн айтышты.

Ош МУнун профессору Сатканбай Момуналиев профессор Каныбек Исаковдун акындык бейнеси, т.и.к., доцент Абдымиталип Мырзакметов илимдеги орду, адабиятчы, ф.и.к. Ризван Исмаилова публицистикадагы бейнеси, ф.и.к., доцент Нуржамал Мапаева устаттык, адамдык улуу сапаттарын эскеришти.

Улуу устат, илимпоз, коомдук ишмер, мыкты жетекчи, эң негизгиси адамдык улуу сапаттардын ээси Каныбек Исаков агайыбыз окумуштуу катары “Б.Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары” (2000-ж.), “Тамсил: Жанрдын генизиси жана эволюциясы” (2008-ж.), “Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер” (2009-ж.), “Тамсил кудурети” (2010-ж.), “Айтматовдун чыгармалары мектеп театрында” (2010-ж.), “Ч. Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде окутуу” (2011-ж.), “Кыргыз балдар адабияты” (2012-ж.) ж.б. илимий монографиялардын, окуу-усулдук колдонмолордун, 150дөн ашуун илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон. Окумуштуу педагог катары бир нече аспиранттарга жол көрсөтүп келген. Анын жетекчилиги менен 2 кандидаттык диссерация ийгиликтүү корголгон. Мындан тышкары "Жүрөгүмдөгү сөз", "Акыл-эстеги сөз", «Дилдеги ойлор» аттуу публицистикалык макалалар жыйнагы жана "Купуя сезим" ырлар жыйнагы жарык көргөн. Эскерүү кечесинде артында өлбөс из калтырган агайдын экинчи өмүрү түбөлүктүү улана берери айтылып, анын калеминен жаралган ырлар кафедранын окутуучулары, студенттер тарабынан көркөм окулду.

1112 17:16 13-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|