Жанылыктар

Студенттер жана окутуучулар үчүн стипендиялык программалар боюнча маалыматтар берилди

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар департаменти 7-декабрда “Студенттер өз алдынча тапшыруучу алмашуу программалары: мүмкүнчүлүктөр жана стипендиядар” аттуу онлайн жыйын уюштурду.

Аталган жыйынга 400гө жакын студент, окутуучулар жана факультеттердин декандарынын эл аралык байланыштар боюнча орун басарлары катышты. Академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында жыл сайын студенттер чет өлкөлүк жана ата мекендик өнөктөш университтерде 1-2 семестр билим алып, тажрыйба топтоп келишет. Бул жолку жыйында студенттер менен окутуучуларды университет аркылуу жиберүүчү программалардан сырткары, өз алдынча тапшыра турган долбоорлор, мүмкүнчүлүктөр, стипендиялар, алардын талаптары, критерийлери боюнча маалыматтар берилди.

Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев катышуучуларды “Global Korea”, “Scholarship”, “Global UGRAD”, “Chevening”, “Fulbright” сыяктуу студенттер менен окутуучулар өз алдынча тапшыруучу 20дан ашуун программалар, стажировкалар, квалификацияны жогорулатуу курстары, илимий изилдөөгө багытталган гранттар, эл аралык долбоорлор менен тааныштырып, аларды бул программаларга активдүү катышып, берилген мүмкүнчүлүктөрдөн максималдуу түрдө пайдаланып калууга чакырды. Ал эми академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев Өзбекистандын, Тажикистандын окуу жайлары менен жүрүп жаткан алмашуулар, ошондой эле ички мобилдүүлүк, “Ош декларациясы” туурасында маалымыт берди.

Жолугушууда департаменттин башка кызматкерлери дагы буга чейин иштеп келе жаткан программаларга (Эразмус+, Мевлана, ДААД, УШОС, Орхун, эки тараптуу келишимдер ж.б.) токтолушуп, аудиториянын кызыккан суроолоруна жоопторду беришти.

967 15:37 09-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|