Жанылыктар

“Испания, Германия, Турция, Кытай, Корея, Япония өлкөлөрүндөгү маданий-этикалык, жүрүм-турумдук өзгөчөлүктөр” аттуу жыйын өттү

01.12.2020. Эл аралык байланыштар департаменти онлайн форматта “Испания, Германия, Турция, Кытай, Корея, Япония өлкөлөрүндөгү маданий-этикалык, жүрүм-турумдук өзгөчөлүктөр” аттуу маданий жыйын уюштурду. Жыйынга 450гө жакын студент катышты. Жыл сайын ОшМУнун 300гө жакын студенти чет өлкөлөрдөгү окуу жайларда билим алып келе жаткандыгы белгилүү. Бөтөн элге, бөтөн жерге баруудан мурун, алардын менталитети, улуттук өзгөчөлүктөрү, жүрүм-турум эрежелери ж.б. жазылбаган мыйзамдары менен азыноолак таанышып коюу зарылчылыгы жаралган болчу. Андыктан иш-чара студенттер мобилдүүлүк боюнча бара турган мамлекеттердин жарандарынын этикалык нормаларына, сүйлөшүү, мамиле түзүү, кийинүү, тамактануу этикеттерине байланыштуу керектүү маалыматтарды коомчулукка жеткирүү максатын көздөдү.
Жыйынды Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев ачып, өтүп жаткан маалымат кеченин актуалдуулугун белгилеп, бардык студенттерди активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле социалдык жана тарбия департаментинин директору Жылдыз Артыкова, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканынын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Зарипа Сагындыковалар сөз сүйлөшүп, студенттер үчүн эң пайдалуу маалымат алмашуу болуп жаткандыгын белгилешти.
Бул жолку жолугушууда жогоруда аталган өлкөлөрдө барып окуп, жашап, ал жактын тургундары менен тыгыз алакада болуп келген студенттер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

1018 10:07 04-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|