Жанылыктар

ОшМУ Кытайдын «Бир алкак – бир жол» конференциясына катышты

Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Ланьчжоу шаарындагы Түндүк батыш педагокикалык университетинде «Бир алкак - бир жол» университет альянсынын онлайн конференциясы өтүүдө. Ага дүйнөнүн 10дон ашуун өлкөлөрүнүн окуу жайлары: Айова мамлекеттик университети (АКШ), Түндүк-Батыш университети (АКШ), Астон университети (Улуу Британия), Белфаст Квин университети (Улуу Британия), Турин эл аралык университетинин коллежи (Италия), Батыш Сидней университети (Австарлия), Чонджу университети (Корея), Кипр европа университети (Кипр), Урал мамлекеттик экономикалык университети (Россия), Украина мамлекеттик университети (Украина), Василий Стефаник атындагы Прикарпат улуттук университет (Украина), Азербайжан мунай жана өнөр жай мамлекеттик университети (Азербайжан), Мингячевир мамлекеттик университети (Азербайжан), Аль-Фараби атындагы казахский улуттук университети (Казакстан), Кытайдын океан университети (Кытай), Хохай университети (Кытай), Минзу кытай университети (Кытай), Тайюань технологиялык университети (Кытай), Цзяотун Сиань университети (Кытай), Кытай медициналык университети (Кытай), Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (Кыргызстан) ж.б. менен катар Ош мамлекеттик университети дагы катышты.

Жыйын окуу жайлардын падемия мезгилинен кийинки кызматташуусун күчөтүү, COVID-19 кыйынчылытары менен чакырыктарына карата жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана эпидемиялык абалды жөнгө салуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүү, университеттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүктүн туруктуу өнүгүү моделин жогорулатуу максатында уюштурулду.

Конференцияда төмөнкү тректер: 1) “Дүйнөлүк деңгээлдеги университетке карай жаркын жол”; 2) “Ааламдашуу жараянындагы таланттарды өнүктүрүү багытында кызматташуу”; 3) “Илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары” боюнча презентациялар жасалып, дүйнөлүк державалардын өкүлдөрү ойлорун ортого салышты.

Аталган альянс 2015-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда ага 27 өлкөнүн аймактарындагы 173 университет мүчө болуп кирген.

1820 21:50 01-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|