Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин окутуучусу Эламан Жалалов 6-9-ноябрда өткөн «Күз жаңырыгы-2020» II эл аралык онлайн-фестивалына ырдоо номинациясы менен катышып, 1-орунду жеңип алды.
Аталган конкурска Кыргызстан, Түркия, Казахстан, Өзбекстан, Алтай ж.б. өлкөлөрүнөн таланттар катышышкан.
Уюштуруучулар: Кыргызстандан “ТМЖ” коомдук фонду жана Түрк өлкөсүнөн “Анкара маданият клубу”.
Жеңишке жеткен ОшМУнун таланттуу окутуучусу Эламан Жалаловго ийгиликтерди каалайбыз. Чыгармачылыгын өркүндөп, дайыма жеңиштин туусун желбирете беришине тилектешпиз!