Жанылыктар

Журналистика багытында билим алып жаткан студенттерге “Чыр-чатактарды чагылдыруу эрежелери” аттуу вебинар уюштурулду

ОшМУда журналистика багытында окуп жаткан студенттери үчүн азыркы күндүн актуалдуу темаларынан болгон “Чыр-чатактарды чагылдыруу эрежелери” аттуу вебинар уюштурулду.

Бул окууга тренер катары “Клооп” медиасынын Оштогу кеңсесинин башкы редактору Эльвира Султанмурат чакырылды. Жалпысынан, вебинарга журналистика багытынын 15 студенти катышышты. Атайын түзүлгөн программанын негизинде, вебинарда тренер азыркы учурдун журналисти ким, окуяларды чагылдырганда анын ролу жөнүндө жана маалыматты бейтарап берүүдө журналист эмнелерге көңүл буруусу керектиги боюнча токтолуп өттү. Окуунун жүрүшүндө тренер бир нече мисалдардын негизинде теманы түшүндүрүп, катышуучуларда пайда болгон суроолорго тиешелүү жоопторду жана кеп-кеңештерди берди.

Вебинар соңунда уюштуруучулар, катышуучулар жана тренер бири-бирине ыраазычылык билдиришип, келечекте ушул тема алкагында байланышып турарын белгилешти. Вебинар, ОшМУнун алдындагы «Тынчтыкты изилдөө борборунун» мүчөлөрү жана “Изилдөө жана өнүгүү” коомдук фонду тарабынан “Келечектеги журналистика адистери үчүн объективдүү маалымат таратуу жөндөмдөрүн үйрөтүү” маалыматтык компаниясынын алкагында ишке ашырылды.

1090 11:29 20-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|